Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кайсы фракция сунуштаганын сурады.
Көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов Бороновдун талапкерлигин 4 фракция жетекчиси сунуштаганын айтты. "Шарттардын баарын эске алуу менен Бороновдун талапкерлигин сунуштады" дейт ал.
Мирлан Жээнчороев протоколго ким сунуштаганын көрсөтүү керектигин айтты. "Ким сунуштаса жоопкерчилик алышы керек" деди Жээнчороев.
Жыйында Бороновдун талапкерлиги жактырылды.