Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Бүгүн, 16-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча чаралар талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Анна Бьердени жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, Дүйнөлүк банк өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өлкөнүн артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жигердүү жана тыгыз кызматташууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Дүйнөлүк банкка илдет менен күрөшүүдө Кыргыз өлкөсүнө биринчилерден болуп колдоо көрсөтүп баштагандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, энергетика, айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду өз маалында ишке ашыруу боюнча жигердүү ишке даярдыгын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде кызматташтык үчүн ыраазычылык айтып, кыргыз тараптын Дүйнөлүк банктын Кыргыз өлкөсүндөгү кеңсеси менен активдүү өз ара аракеттешүүсүн канааттануу менен белгиледи.

Ал белгилегендей, коронавирустун жайылышынын кесепеттери менен күрөшүү азыркы тапта Дүйнөлүк банктын ишмердүүлүгүндө артыкчылык берилген багыт катары аныкталган.

Бүгүнкү күндө Банк тарабынан пандемия менен күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо тармагына 21 миллион доллар бөлүнгөн.

Мындан сырткары экономиканын төмөндөө шартында кризиске реакция кылып, калкка социалдык колдоо көрсөтүүдө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы долбоорлор даярдалып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан