Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралууда. Боронов өкмөттүн программалары боюнча баяндама жасап жатат.
Биринчи вице-премьер-министр кызматына Алмазбек Батырбековдун, өкмөттүн аппарат башчылыгына Таалайбек Темиралиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги сунушталууда.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Бороновдун талапкерлигин жактырган.
15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.
Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алды.