Бишкекте жалпысынан 819 адам оору жуктурган. Бул өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын 33 пайызын түзөт

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында шаарда эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калып жатканы айтылды.

"Ошого байланыштуу шаар боюнча карантин жана өзгөчө кырдаал сакталуу бойдон калууда. Бугүнкү күнгө карата 819 адамдан лабораториялык тастыкталган анализ чыкты. Бул өлкө боюнча ооруну жуктуруп алгандардын 33 пайызын түзөт. Анын ичинен 85 аныкталгандар сырттан келгендерден, 734ү өлкө ичиндегилерден аныкталган. Вирус жуктуруп алган 819 адам 1 794 адам менен байланышта болгон. Арасынан 410 жаран айыгып үйлөрүнө чыкты. Каза болгондор алтоо. Мурда вирус байланышта болгондор менен сырттан келгендерден чыкса, акыркы учурларда экономикалык ишмердүүлүк тармагында иштегендер арасында коронавирус жуктургандар көбөйдү", - дейт Кузнецова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан