Депутат Өмүрбек Бакиров чек ара маселесине өзгөчө көңүл буруп, тез арада чечүү керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Чек ара маселеси ойго салып келет. Чек ара маселесине жакшылап көңүл буруп, тезирээк чечүү керек. Бүгүнкү күндө Баткенде аткезчиликтин абалы кандай болуп жатат?" - деп сурады депутат.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Акрам Мадумаров чек ара маселеси өзгөчө көңүлдө болуш керектигин айтты. "Бул боюнча иштеп жатабыз. Аткезчилик боюнча укук коргоо органдарында тиешелүү комиссия түзүлгөн. Салыштырмалуу жыйынтыктар бар. Бирок толук аткезчиликти бөгөт коюуга жетише элекпиз", - деди Мадумаров.