Бишкек шаарында өздөрү кайрылган жарандардын ичинен 207 адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 34 адамдын ооруну жуктурган шарттары белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Вице-мэр белгилеп кеткендей, бул боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүүдө. Мындан тышкары оорунун булагын аныктоо максатында үймө-үй кыдырып текшерүү уюштурулган. Жыйынтыгында коронавирус 3 адамдан тастыкталган.