Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын, программасын жактырды

Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды. Өкмөттүн курамы колдоо тапты.

Боронов коронавирус илдетине байланыштуу өкмөт өз программасынын кайрадан карап чыгып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, бизнести колдоо багытында, инвестиция тартуу жана экономиканы калыбына келтирүү жаатында жигердүү иш алып барарын белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр кызматына Алмазбек Батырбековдун, өкмөттүн аппарат башчылыгына Таалайбек Темиралиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги сунушталды.

Жалпы 116 депутат каттоодон өтүп, 105 депутат депутат добуш берди. Жанар Акаев менен Наталья Никитенко "каршы" деп добуш беришти.

Боронов Кубатбек 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган. Ал 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Айыл чарба, курулуш факультетин аяктаган. 2011-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын Юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

1982-1983-жылдары – Ош облусунун Алай районунун "Социализм" совхозунун сүт-товардык фермасында каттоочу;

1983-1985-жылдары – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1985-1991-жылдары – Фрунзе политехникалык институтунун студенти;

1991-жылы – "Фрунзекурулуштун" 9-курулуш-монтаждык башкармалыгы трестинде каменщик;

1992-1996-жылдары – "Кыргызкурулуш" АК караштуу "Стройлескомплект" ПБдө инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы;

1998-2000-жылдары – "Кыргызкурулуштун" жыгач иштетүүчү заводунун директору;

2001-2002-жылдары – "Гөктүрк" ЖЧКнын директорунун орун басары;

2003-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын ЭӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-2008-жылдары - ӨКМнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2009-2010-жылдары – ӨКМнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

2010-жылы – ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору;

2011-жылы – Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

2011-2018-жылдары – Өзгөчө кырдаалдар министри;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта биринчи вице-премьер-министри болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан