Депутат Мирлан Жээнчороев Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынан чыга турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жыйынтыгында Жээнчороев комиссиянын курамынан чыгарылды.
21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.