Депутат: "Жерлерди трансформациялоо маселеси көп жолу көтөрүлүп келет. Бирок өкмөт бул маселени чечпейт"

Депутат Рыскелди Момбеков жерлерди трансформациялоо маселеси көп жолу көтөрүлүп келгенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени чечпей келет. Мындай көйгөй бардык аймактарда бар экенин белгиледи.

"Бай жарандар өздөрүнүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин чечип алып жатат. Ал эми карапайым калк жылдап күтүп жүрөт. Муну менен катар “ЖЭБ-2” жана “Жогорку Төкөлдөш” жаңы конуштарындагы тургундар жерлерин мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү мекемелерге көп жылдан бери кайрылып келет. Бирок эч кандай реакция жок. Ал эми “Ата-Түрк” сейил багындагы жерлердин көбү мыйзамдаштырылып кетти. Бул акыйкатсыздык. Комиссия түзүп, жөнөкөй элдин көйгөйүн чечкиле”, – деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан