Биз социалдык тармакта

Президент жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жарлыгына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кубатбек Боронов премьер-министр, Алмазбек Баатырбеков биринчи вице-премьер-министр, Таалайбек Темиралиев өкмөттүн аппарат жетекчиси, Алтынбек Исамилов Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды. Өкмөттүн курамы колдоо тапты.

Жалпы 116 депутат каттоодон өтүп, 105 депутат добуш берди. Жанар Акаев менен Наталья Никитенко "каршы" деп добуш беришти.

Боронов Кубатбек 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган. Ал 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Айыл чарба, курулуш факультетин аяктаган. 2011-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын Юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

1982-1983-жылдары – Ош облусунун Алай районунун "Социализм" совхозунун сүт-товардык фермасында каттоочу;

1983-1985-жылдары – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1985-1991-жылдары – Фрунзе политехникалык институтунун студенти;

1991-жылы – "Фрунзе курулуштун" 9-курулуш-монтаждык башкармалыгы трестинде каменщик;

1992-1996-жылдары – "Кыргыз курулуш" АК караштуу "Стройлескомплект" ПБда инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы;

1998-2000-жылдары – "Кыргыз курулуштун" жыгач иштетүүчү заводунун директору;

2001-2002-жылдары – "Гөктүрк" ЖЧКнын директорунун орун басары;

2003-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын ЭӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-2008-жылдары - ӨКМнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2009-2010-жылдары – ӨКМнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

2010-жылы – ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору;

2011-жылы – Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

2011-2018-жылдары – Өзгөчө кырдаалдар министри;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта биринчи вице-премьер-министри болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан