"Ухан вирусу": Бир күндө 141 миң адам. Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 8 миллион 382 миңден ашты

Бүгүн, 18-июнга карата жер жүзүндө коронавирус менен ооругандардын саны дагы 141 миң 508ге көбөйдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Ага ылайык, дүйнө жүзүндө инфекция 8 миллион 382 миң 524 адамга жукту. Анын ичинен 450 миң 213 адам оорудан улам көз жумду. 4 миллион 377 миң 79 бейтап оорудан айыгышты.

Кайрадан эле эң көп оору жайылган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат, анда вирус 2 миллион 232 миң 104 адамга жукту. Кийинки катарда Бразилия - 955 миң 377, Орусия - 553 миң 301, Индия - 367 миң 264, Улуу Британия - 299 миң 251 адам менен турат.

Айта кетсек, коронавирус жугузгандар күнүнө дүйнө жүзү боюнча 100 миңден ашыкка көбөйө баштады. Кечээ бул көрсөткүч 8 миллион 241 миң 16 адам болсо, 16-июнга карата оору жугузгандардын саны 8 миллион 112 миң 577 болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан