Бүгүн саат 9:00гө карата өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны өзгөргөн жок

Бүгүн, 26-мартта эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкүгө карата коронавирус боюнча өлкөдөгү абалды айтты. Ал адегенде дүйнөдөгү бул оору менен ооругандардын санын айтты.

Маалыматка ылайык, ооруну жуктурган өлкөлөрдүн саны 197ге жетти. Өлкөдө обсервациялар үчүн 2200 койка даярдалган.

Бүгүнкүгө карата бул ооруну жуктургандар жок. Коронавирус боюнча түзүлгөн штабдын билдиргенине ылайык, өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 адам аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 адам;
Жалал-Абад облусунда – 19 адам;
Бишкек шаарында – 3 адам;
Чүй облусунда – 1 адам;
Баткен облусунда – 1 адам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimira-mira
2020-03-26 11:36:18
Ушул сан боюнча токтоп айыгып кетишсин. Баарыңыздарды үйдө олтуруп туруңуздар деп суранып кетем. Баарыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Эч ким оорубасын, элибизде тынчтык болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан