Депутат Жыргалбек Турускулов жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен парламенттик шайлоону бирге өткөрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу токтотулган. Жогорку Кеңештин шайлоосу менен жергиликтүү кеңештердин шайлоосун бирге өткөрүүнү сунуштайм. Бюджетти да кыскарттык. Эгерде эки шайлоо бирге өтсө канча каражат үнөмдөлөт?" - деп сурады депутат.
Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин шайлоосун өткөрүү үчүн 56 миллион сом каралганын айтты. "Анын 30 миллион сомго жакын каражат пайдаланылган. Жогорку Кеңештин шайлоосуна 560 миллион сом каралган. Эки шайлоону чогуу өткөрсөк үнөмдөө болушу мүмкүн. Бирок бул жерде маанилүү башка нерселер да каралышы керек", - дейт Шайлдабекова.