Кытайда сутка ичинде 28 адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнөгө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясынын очогу болгон коңшу Кытайда акыркы бир сутка ичинде 28 адамдан инфекция аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдирүү таратышты.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен 24ү жергиликтүүлөр, тагыраагы, Пекин шаарында - 21, Хэбэй провинциясында - 2 жана Тяньцзинь шаарында - 1 адамдан инфекция аныкталган. Ал эми инфекция аныкталган калган 4 адам сырттан келген.

Бул көрсөткүч менен Кытайда жалпы 84 миң 458 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 638 адам каза болсо, 79 миң 510 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан