Депутат Евгения Строкова коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору ачык-айкындуулукту камсыз кыларын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Коммерциялык эмес уюмдардын ачык-айкындуулугу боюнча мыйзам керек", - деди ал.
Депутат Акылбек Жапаров президенттин, парламенттин, өкмөттүн бюджети ачык болгондон кийин бардык уюмдардын да бюджети ачык болушу керектигин белгиледи.
Ал эми депутат Наталья Никитенко бул мыйзам долбоорун саясий буйрутманын негизинде кабыл алынып жатканын айтты. Ал бул мыйзам долбооруна каршы экенин кошумчалады.