Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда.
Анда депутат Дастан Бекешев "Азаттыктын" журналисти Али Токтакуновдун акча алганы боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөсүн сотко чейин жарыя кылбаш керек болчу деген пикирин айтты.
Аталган комиссиянын төрагасы Талант Мамытов: "Бардык отурумдар ачык-айкын өттү. Эки күбөнүн көрсөтмөсү күтүүсүз болду. Али Токтакуновдун атына доо жабалы деген ойдо эмес. Бул факты чынында барбы? Аталган күбөлөр кандай түрдө сурак беришти деп өзүбүз видеону көрдүк", - дейт.