Депутат Шайназаров: "Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы так маалымат берди. Тергөө амалдары ар тараптуу жүргүзүлүшү керек"

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралды.

Депутат Тынчтык Шайназаров комиссиянын төрагасы Талант Мамытов так маалымат бергенин айтты.

"Ушул маселе коомчулукта чоң резонанс жаратты. Бажы кызматынын жетекчиси акча которуулар жылдан жылга болуп келе жаткан нерсе экенин айтты. Товар алып келүү үчүн акча которулушу керек да. Ошону ажыратып билип жүрүшүбүз зарыл. Кайсынысы мыйзамсыз, кайсынысы мыйзамдуу экенин билүү шарт. Ушул комиссия түзүлгөндө анча-мынча инсандар тууралуу сөздөр чыгып кеткен болчу. Комиссиянын түзүлгөнү туура болду. Комиссиянын төрагасы так маалымат берди. Жогорку Кеңеш юридикалык бааны бере албайт. Биз бирөөнү күнөөлүү дегенден алыспыз. Бүгүнкү күндө УКМК тергөө амалдарын жүргүзүп жатыптыр. Тергөө ар тараптуу жүргүзүлүшү зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан