Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралды.
Депутат Бактыбек Сыдыков комиссия коомчулукка жакшы маалыматтарды бергенин айтты.
"Баяндамаңызды угуп отуруп бир жыйынтыкка келип жатам. "Азаттык" айткан нерселерди логикасын таппай жаткам. Бүгүнкү күнү Улуттук банктын төрагасы, сиз берген маалыматтар боюнча Өзбекстандан эмнеге акчалар биз аркылуу кетип жатканы баарыбызга маалым.
2017-жылга чейин ал жакта конвертация деген сөз жок эле. Ошол жарандар Кара-Суу базарында иштеген, Өзбекстандын базарында иштеген. Хронологиясын карасак уюшулган кылмыштуу топту уюштуруп, 932 миллион долларды которуп, 3 миллион долларга өзүнүн өнөктөшүн алдап, жалган жол менен паспорт алып качып кетип жатат. Жыйынтыгы Саймаити эл аралык масштабдагы алдамчы болуп жатат. Комиссияга рахмат, коомчулукка жакшы маалымат бердиңер", - деди ал.