Президент соттук-укуктук реформанын алкагындагы бардык иш-чаралар өз маалында жүзөгө ашырылышы керектигин айтты

Бүгүн, 18-июнда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, соттук-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.

Мамлекет башчы коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, соттук-укуктук реформанын алкагындагы бардык иш-чаралар өз маалында жүзөгө ашырылышы жана коюлган мөөнөтүндө аякташы керектигин белгиледи.

Президент сот, жаза-аткаруу блокторунда жана пробация жаатында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумун тез арада ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Бузуулардын бирдиктүү реестри киргизилгенге чейин статистиканы бурмалоо фактылары байкалып, алар кылмыштар боюнча маалыматты жаап-жашырууга, адам укуктарын бузууга, коррупцияга себеп болгондугу менен укук коргоо жана сот системине коомчулуктун ишениминин жоголушуна алып келгендигин эске салды.

Ошондой эле кеңешмеде Бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке ашыруу маселеси каралды.

Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев соттук-укуктук реформаны ишке ашыруунун азыркы абалы жана анын эң көйгөйлүү аспектилери тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көңүлүн мурда мерчемделген иш-чараларды милдеттүү түрдө ишке ашырууга дагы бир жолу бурду.

Соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды ыкчам жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүүнүн мааниси белгиленди.

Аталган тапшырмалардын жыйынтыгы 2020-жылдын сентябрындагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан