Суткада өлкө аймагындагы ооруканаларда коронавирус оорусунан дарыланып жаткан 28 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат-брифингде билдирди.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 7;
Чүй облусу – 8;
Ош шаары – 5;
Ош облусу – 4;
Нарын облусу – 4.
Муну менен илдеттен айыккандардын саны жалпы 1961ге жетти.