Баткенде коронавирус менен жабыркагандардын 70 пайызы сырттан келгендер

Бүгүн, 21-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова маалымат жыйын берип жатат. Анда облустагы акыркы кырдаал боюнча маалыматтар айтылууда.

"Баткен облусунда 27 жарандан коронавирус аныкталды. Алардын 70 пайызы сырттан жуктуруп келгендер, алар 19 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 киши умрадан, 2 киши Казакстандан келгендер, 7 адам Тажикстандан келген студенттер жана 9 адам Орусиядан келген, тагыраагы, алар оор жүк ташуучу унаалардын ээлери.

Тилекке каршы, облус аймагында 3 медицина кызматкери вирусту жуктуруп алышкан. 27 жарандын ичинен 20сы айыгып бейтапканадан чыгарылган. Ал эми 7 бейтап учурда дарыланууда. Жалпы өзгөчө кырдаал башталгандан бери 210 жаран изоляцияга алынган жана 1 484 жаран обсервацияга алынып, дарыланып чыкты. Негизи 6 миң 663 адам үй көзөмөлүндө каралды жана 8 миң 864 адамдан анализ алынды", - деди өкүлдүн орун басары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан