Кубатбек Боронов: "Мен тартипти, көзөмөлдү жана натыйжага жетишүүнү талап кылам"

Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын башчылары менен өткөн кеңешмеде тартипти, көзөмөлдү жана натыйжага жетүүнү талап кыларын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

"Мен иште тартип, көзөмөл жана натыйжага жетишүүнү талап кылам. Мамлекеттик органдардын бардык жетекчилеринен ушул принциптерди аткарууну талап кылам", - деди Кубатбек Боронов.

Ал белгилегендей, "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу, ошондой эле 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык бекитилген пландарды аткаруу улантылат.

Кубатбек Боронов өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттарын сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Мындан тышкары ата мекендик өндүрүштүн өнүгүшүн, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууну жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү зор мааниге ээ. Мисалы «Манас» эл аралык аэропорту боюнча. Ошондой эле биздин алдыбызда коопсуздукту камсыздоо, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-кытай тилкесинде жүк ташууларды жандандыруу, Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы бардык 6 өткөрмө жайлар аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсү боюнча эки жактуу макулдашууларга жетишүү, туризмди өнүктүрүү, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, билим берүү системинин жана бала бакчалардын ишин уюштуруу, калкты каттоо иштерин аяктоо милдеттери турат. Бул маселелердин баары артыкчылыктуу", - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан