Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кесиптешинин илдеттен тезирээк сакайып, ден соолукта болушун тилеген Дастанбек Жумабеков коронавирус - бул жалпы көйгөй экенин белгиледи. Ушул оор кырдаалда мамлекеттер аралык тыгыз кызматташтыкты, анын ичинен парламенттер ортосундагы байланыштарды чыңдоо зарылчылыгына токтолду.