Эртең Улуттук китепканада жеке ишкер Кубанычбек Төрөбаевдин "Кантип бай болуу керек?" аттуу китебинин бет ачары болот

Эртең Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада жеке ишкер Кубанычбек Төрөбаевдин "Кантип бай болуу керек?" аттуу китебинин бет ачары болот. Иш-чарага депутаттар, жеке ишкерлер, журналисттер жана студенттер чакырылган. Айта кетсек, Кубанычбек Төрөбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында ишкерлик менен алектенип жашап келет. Вин Чунь Кун-фу боюнча 6-дан, Жит Кун До боюнча 7-дандын ээси. 2011-жылы апрель айында Вин Чунь Кун-фу боюнча Дубайда спорт мектебин ачкан. Эске салсак, бет ачар 15:30да башталат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан