"Токио-2020" Олимпиадасынын катышуучулары арасында коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Илдетке кабылгандардын саны өсө берсе жума күнү баштала турган оюндар убактылуу токтотулуп калышы да ыктымал. Мындай пикирин "Токио-2020" Олимпиада комитетинин жетекчиси Тоширо Муто басма сөз жыйынында билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар.
"Бардык ыктымалдыктар көзөмөлдө. Ооругандардын санында дароо бир өсүү байкалса, мелдештер тууралуу талкуу дагы да уланышы мүмкүн. Керек болсо тийиштүү адамдар менен сүйлөшүү жүргүзөбүз. Вирусту канча адам жуктуруп аларын алдын ала айтуу кыйын. Бейтаптардын саны жогорулашы да, же тескерисинче азайышы да ыктымал. Кырдаалга жараша кандай аракеттерди кылуу керектигин ойлонобуз", - деген ал.
"Токио-2020" Олимпиадасынын уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, оюндар башталганга чейин эле спортчулар, катышуучулар жана ыктыярчылардан жалпы 71 адам вирус жуктуруп алган.