Ошто коронавирус жуктуруп алганы аныкталган жаран ооруганын эч кимге айтпай, анын кесепетинен инфекция 10 адамга жуккан. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн жыйын учурунда билдирди. Айтымында, азыркы тапта ал жаранга кылмыш иши козголгон.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында Орусиядан келген жаран вирус бар экенин жашырып жүргөн.
"Бул жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Ал жаран 280-берененин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Ал Орусиядан апрель айында келген. Биз буга чейин ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт деп байма-бай, какшап айтып келе жатабыз.
Ал эч кандай медициналык кароодон өтпөй, оорусун жашырып, үй-бүлө, бала-бакырасына дагы вирус жугузган. Жаран жалпы 10 адамга вирус жуктурганы анык болуп, алар толук обсервацияга алынды. Биз анын дагы кимдер менен байланышта болгонун аныктап текшерип жатабыз", - деди комендант.
Жалпы облус аймагында ооруну жаап жашырган 3 адамга кылмыш иши козголгон.