Япониядагы белгилүү фармацевтикалык "Shionogi" компаниясы өлкөдөгү алдыңкы 3 университеттин адистери коронавирусту тез аныктай турган тест систем иштеп чыккандыгын расмий билдиришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышат.
Маалыматта айтылгандай, бул тест эң жөнөкөй жана адамда коронавирус инфекциясы бар же жок экендигин 30 мүнөт аралыгында аныктайт. Ага эч кандай татаал технология же медициналык адистердин күчү керек эмес. Вирусту аныктоо үчүн адамдын шилекейи гана алынат. Ошондой эле учурда кеңири колдонулуп жаткан ПЦР-тесттен кем эмес экендиги кошумчаланат маалыматта.
Аталган тестти Нихон, Гумма жана Токио медициналык университетинин адистеринен турган топ иштеп чыкты.