Франциядагы коронавирус менен ооруп, изоляцияда жаткан дарыгер жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 60 жаштагы "Реймс" футбол клубунун дарыгери менен жубайынан коронавирус аныкталган соң үйүндө изоляцияда болушкан. "Бернар Гонсалес өз үйүндө жанын кыйды. Өзүнө кол салуусунун себебин акыркы калтырган катында айтып кеткен. Бирок Реймс шаарынын мэри Арно Робине катта эмне тууралуу жазылганын ачыктаган эмес", - деп жазылат маалымат булактарында.
Белгилей кетсек, буга чейин 54 жаштагы польшалык акушер-гинеколог Войцех Ракит коронавирус жуктурганын билген соң өмүрүнө кол салганы маалым.