Сактап калыңыз, убара болбойсуз! Бишкектеги базарларды дезинфекциялоо иштеринин графиги түзүлдү

Бишкек шаарындагы бардык ири жана чакан базарларда, соода түйүндөрүндө, дүкөндөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан улам мэрия базарларда жүргүзүлө турган дезинфекциялоо иштеринин графигин түздү.
Свердлов району боюнча:
Ар бир аптанын дүйшөмбү күндөрү "Дордой", "Дордой" (автотетик), "Мурас-спорт", "Жунхай-Дордой", "Форт" ("Оберон"), "Алкан", "Ак-Суу", "Кербен", "Евразия", "Алтын-Тоо", "Делюкс", "Дордой-Спорт", "Аламүдүн", "Алдаяр", "Таш-Рабат-1,2", "Техномаркет" жана "Эталон курулуш" базарларында дезинфекция иштери жүргүзүлөт.
Аптанын шейшемби күндөрү "Ак-Эмир", "Үйгө жарашык", "Ыйман", "Ярмарка Мега-Комфорт", "Аалам", "Чолпон", "Шар-Чебер", "Көк Сай", "Арпа" жана "Айдин" чакан базарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.
Аптанын шаршемби күндөрү "Курама-сан" ("Чынар"), "Мадина", "Таалай" базарларында, ал эми бейшемби күндөрү "Бабакан" жана "Эдиз" ("Улар") базарлары дезинфекцияланат.
Октябрь району боюнча:
Аптанын дүйшөмбү күндөрү "Орто-Сай" базарында дезинфекция иштери жүргүзүлөт.
Биринчи Май району боюнча:
Ар аптанын жума күндөрү "Азиз" дүң соода базарында, ал эми дүйшөмбү күндөрү "Сары-Өзөндө" дезинфекция иштери жүргүзүлөт.
"Кудайберген" унаа тетиктер базарында дезинфекциялоо иштери аптасына үч ирет шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү саат эртең мененки 06:00дөн 10:00гө чейин.
Ленин району боюнча жалпы 24 базар болсо анын 17си "Ош базары" аймагында. Алар: "Ош-базары" соода комплекси, "Дордой Дыйкан", "Боорукер" кичи базары, жана "Элит-строй", "Жумушчу", "Баткен-комфорт", "Уста" курулуш базарлары ар аптанын дүйшөмбү күндөрү дезинфекция иштери үчүн жабылат.
Мэрия эскертет! Урматтуу шаар тургундары, эгерде борбор калаанын базарларына баруу зарылчылыгы болуп жатса, бардык санитардык талаптарды аткарууну жана жеке коргонуучу каражаттарды жаныңыздарда алып жүрүүнү өтүнөбүз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Elmiraattokurkyzy
2020-06-22 20:58:26
Саламатсыздарбы?
Биз Ош базарында иштейбиз базарда соода жоок анан азыр оору жүрүп жатат кызым температура чыгып ооруп укол алдык 5,6 күн ошо күндөрү базарга чыкпай калдык и чыкпаган күндөргө дагы местага төлөйбүз бул жактан кызым ооруп бул жактан местага чыкпай туруп карыз болуп жүрөбүз. Менин суроом дүйнөдө азыр карантин болуп иш деле жоок ушундай учурларда бизге деле базарга иштегендерге жардам көрсөтүп жеңилдиктер кылып бериниздерчи (аренда местага арзаныраак кылып)
+5
Krai
2020-06-22 21:36:11
Elmiraattokurkyzy, туура айтасың
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан