АКШда коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүүнүн 3-этабы башталды

АКШ коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүүнүн жыйынтыктоочу 3-баскычын баштады. Бул баскычта жалпы өлкө боюнча 30 миңге жакын ыктыярчы катышат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"АКШ боюнча жалпы 89 борбордо клиникалык сыноонун 3-этабы башталды. Сыноого 30 миңге жакын адам катышууда", - деп билдирген вице-президент Майкл Пенс. Белгилей кетсек, вакцинаны иштеп чыгып жаткан "Moderna" фармацевтикалык компаниясы сыноонун 1-баскычын март айында баштаган.

"Вакцина кийинки жылы колдонууга даяр болушу үчүн андан күзгө чейин жүз миллиондогон доза иштеп чыгууну максат кылдык. Учурда америкалыктарды эмдөө үчүн миллиардга жакын ийне сатып алуудабыз", - деп кошумчалаган вице-президент.

Вакцинаны иштеп чыгуу үчүн 10 миллиард доллар бөлүнгөн. Учурда АКШ өкмөтү Оксфорд университети менен биргеликте вакцина иштеп чыгып жаткан "AstraZeneca" британ-швед компаниясына 1 миллиард 2 миллион доллар, ал эми "Moderna" компаниясына 486 миллион доллар жана "Johnson & Johnson" компаниясына 456 миллион доллар бөлүп берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
satyke
2020-07-29 00:04:31
Бизде кээ бир адамдар хижама жана иттин шорпосу менен эле даарылап койуп атышат го. Клиникалык изилдоолору жок эле. Гарварддын акылы жок окумуштуулары изилдоолор менен убара.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан