Президент Сооронбай Жээнбеков "Качкындар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам 14-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты мыйзам жоболорун Конституциянын 6-беренесине жана башпаанек издеген жарандарды жана качкындарды каттоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына шайкеш келтирүү. Ошондой эле башпаанек издеп келген чет өлкөлүк жарандардын расмий өтүнүчтөрүн каттоого байланыштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн укуктук негиздерди белгилөө болуп саналат.
Аталган мыйзамда чет өлкөлүк жарандарды каттоо функциясы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга таандык болгондугуна байланыштуу, башпаанек издеген жарандарды жана качкындарды каттоочу органдын аталышындагы "ички иштер органдарында" деген сөздөрдү "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органында" деген сөздөргө алмаштыруу каралган.
Ошондой эле мыйзамда 4-берене 9-бөлүк менен толукталып, анда адамдарга качкын макамын берүү тууралуу өтүнүчтү каттоодон баш тартууга мүмкүн болгон учурлар үчүн негиздер белгиленген.
Алар:
Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.