Президент "Кант" базасы тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кант" базасы тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

2012-жылдагы макулдашууга ылайык, орусиялык тарап ижарага алган жер участокторунун аянты 866,2 гектарды түзөт. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча орусиялык тарап иш жүзүндө колдонгон аянт 924,52 гектарды түздү. Мында макулдашууда көрсөтүлгөндөн 58,32 гектарга көп жер аянты пайдаланылган.

Протокол күчүнө киргенден кийин тараптар Орусия иш жүзүндө пайдаланган жер участокторунун аянттары үчүн ижара акысын Кыргыз Республикасына 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап төлөө боюнча ишти уюштурушат.

Протоколдун алкагында орусиялык тараптын каражатынын негизинде Учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо пландаштырылган. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бул объектилер кыргыз тарапка кайтарылат. Мындан тышкары УКТ объектилери биргелешип пайдалануучу объектилердин тизмесине киргизилген.

Тараптардын мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагына учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Орусия тараптын орусиялык авиациялык базага учкучсуз учуучу аппараттарды жайгаштыруусу пландаштырууда.

Мында протоколго кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин тараптар учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуунун тартибин аныктоочу ведомстволор аралык документке кол коюшат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан