Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысынан коронавирус табылды

Акыйкатчы институтунун бөлүм башчыларынын биринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашып, учурда бейтап обочолонууда экенин белгилешкен.

"Акыйкатчы институтунун аппараты санитардык-гигиеналык жана коопсуздук нормаларын сактоо менен толук түрдө ишин улантууда. Азыркы учурда айрым кызматкерлер дистанциялык негизде иштеп жатат, бирок иш убактысында аппараттын кызматкерлеринен нөөмөткө туруу уюштурулууда", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле анда мекемеге кайрылуучуларга 105 номуру иштеп жатканын, түнкү убакытта чалуу болсо ал катталып каларын, эртеси адистер ал номерге байланыша тургандыгы белгиленген.

"Мындан тышкары жарандар Акыйкатчы институтуна ombudsman@inbox.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылууларын жөнөтсө болот", - деп маалымдалат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан