Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом төлөнүп берилгендиктен, дарыгерлер өздөрүнө атайын коронавирус жуктуруп жатышат деген сөз чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн брифинг учурунда айтты.
"Баарыбыз эле билгендей, илдетке чалдыккан медицина кызматкерлерине өкмөттүн буйругу менен ар бирине 200 миң сомдон берилет. Мындан улам коомчулукта 200 миң сомдон берүү бизнеске айланып кетти деген сөздөр жүрүүдө. Бул жерде эч кандай бизнес жок. Ар бир окуя боюнча тыкыр эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлөт. Дарыгерлердин арасында атайылап оору жуктургандар катталган жок. Ошол эле учурда өзүнүн жакындарынын, балдарынын ден соолугун кооптуулукка салып, бизнес жасоо мүмкүн эмес деп ойлойм", - деди Исмаилова.