Жогорку Кеңештин төрагасы: "Ата мекендик айыл чарба азыктары чек аралардан тоскоолдуксуз өтүшү боюнча керектүү чараларды көрүү зарыл"

Ата мекендик айыл чарба азыктары чек аралардан тоскоолдуксуз өтүшү боюнча керектүү чараларды көрүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

"Ата мекендик айыл чарба азыктарын мамлекеттик чек аралардагы текшерүү жайларынан өткөрүүдө көйгөйлөр бар. Албетте, бул маселе коңшу өлкөлөр менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет. Андыктан алар менен тыгыз иш алып барып, айыл чарба азыктарын ташыган унаалардын чек аралардан тоскоолдуксуз, ыкчам өтүшүнө керектүү чараларды кабыл алуу керек. Өзгөчө көңүлдү тез бузулуучу азыктарга буруу зарыл", - деди төрага.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан