"Кытайда коронавирус менен ооруган Кыргыз жараны балкондон кулап, ооруканага түшкөн". ТИМ окуя боюнча маалымат берди

Социалдык тармакка тараган "Кытайда коронавируска кабылган Кыргыз жараны 2-кабаттын балконунан секирип кетти" деген маалымат боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

"Пекиндеги Кыргыз элчилиги Кытайдын медициналык мекемесинин берген маалыматына таянып, окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди. 6-март күнү саат 09:20 чамасында Игу шаарындагы ооруканага ар кандай жаракат менен 1996-жылы туулган З.А. аттуу Кыргыз жараны келип түшкөн. Ал байкабастыктан ачык балкондон кулап түшкөнү маалым болгон. Андыктан бул кырсык коронавируска байланыштуу эмес. Медициналык жайдын администрациясы кыздын ден соолугуна байланыштуу Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү мүмкүн эместигин айтууда. Ал учурда тынымсыз медициналык көзөмөлдө турат жана тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Учурда элчилик тарабынан Кыргыз жаранынын Кытайда дарылануусуна шарт түзүп, каражат жагын чечүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Omar.
2020-03-12 19:01:59
Больницга только коронавирус менен ооруса эле жата тургансып ушу акыркы күндөрү ушакчылар тойгозду да
+5
Apyn8793
2020-03-12 22:28:36
Бул менин карындашым болот. Эч кандай короновирус жок мында. Балкондон кулап кеткени чын. Позвоночнигинен жаракат алган, азыр туулуп оскон жериндегилер каражат чогултуп атабыз. Бул чындык. Дагы кайталайм, короновирус жуккан эмес бул кызга!
+4
tular
2020-03-13 01:53:05
Apyn8793, Жакшы болуп сакайып кетсин!!!
+4
aida007
2020-03-13 12:56:58
Apyn8793, ошондой эле болсун аминь эсен Аман жетип келсин Ата энесине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан