Бишкек шаарында кайсы блокпосттор алына элек? (тизме)

Кечээ, 10-майда саат 24:00дө айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылганы маалымдалган.

Буга байланыштуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү жасап: "22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет", - деген эле.

Бүгүн, 11-майда республикалык штаб Бишкек шаары боюнча коюлган блокпосттордун тизмесин жарыялады:

1. Азамат» унаа базары – Айланма жол;
2. Айланма жол «Фрунзе» чарбасы;
3. Васильевский тракт – Айланма жол («Ак-Жол»);
4. Пригородное айылы – Айланма жол;
5. Айланма жол – Маевка айылы (тегеренме жол);
6. Айланма жол – Теңдик калктуу конушу;
7. Айланма жол – Киргизия көчөсү (Ала-Арча);
8. Айланма жол – Келечек калктуу конушу;
9. Айланма жол – Дордой;
10. Айланма жол – Ибраимов көчөсү;
11. Айланма жол – Алма-Ата көчөсү;
12. Айланма жол – ГЭС-5 (тегеренме жол);
13. Жибек Жолу кең көчөсү – Киргшелк;
14. Кара-Жыгач жана Сары-Жоон айылдарынын ортосундагы жол;
15. Горная Маевка айылынын жолу;
16. Кызыл-Туу жана Маловодное айылдарынын ортосундагы жол.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан