Жогорку Кеңештин жыйыны түз эфир берилбей, журналисттерсиз өтүп жатат.
Жыйында кворум болгонун депутаттар билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы 90 депутат катталган. Жыйындын күн тартибине 20 маселе коюлган.
Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбай турганын парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирген.
"Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мени менен контактта болгон кызматкерлеринин ПЦР-тесттери таза чыкканына карабастан, дарыгерлер үй карантинден бошотпой жатышат. Ошого байланыштуу Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары, тилекке каршы түз эфирде чагылдырылбайт", - деп социалдык тармактагы баракчасына Нуракун уулу жазып чыккан.