Өлкөдө коронавирус илдети дагы 1 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифинг учурунда билдирди.
Муну менен өлкөгө коронавирус келгенден бери 42 адам көз жумду.
Өткөн суткада коронавирустан 48 жаштагы эркек киши каза болду, ал Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан.