Европада алгачкы жолу коронавирус менен ооруган бейтапка өпкөгө трансплантация жасалды

Австриянын борбору Вена шаарында Европа боюнча алгачкы жолу коронавирус менен ооруган бейтапка өпкөнү трансплантациялоо операциясын жүргүзүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Анда коронавирус диагнозу менен түшкөн 45 жаштагы бейтаптын абалы начарлап, өпкөсү жабыркап баштаганы айтылат.

Дарыгерлер бейтаптын өпкөсүн сактап калуу мүмкүн эместигине көздөрү жеткен соң, трансплантация жүргүзүү чечимин кабыл алышкан. Натыйжада операция ийгиликтүү аяктап, аны жүргүзгөн хирург бейтап өзүн абдан жакшы сезип жатканын билдирген. "Азырынча ал ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турат. Операциянын жакшы жыйынтыгынын бир себеби буга чейин бейтапта өнөкөт оорулардын болбогондугу", - деген дарыгер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан