Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Гулистан шаарында бир айлык наристени 18 миң долларга сатууга аракет кылып жаткан учурда наристенин апасы жана ага сатууга жардам берген аял кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-июнда болгон. Далил катары ымыркайдын энесинен жана жанындагы аялдан көрсөтүлгөн суммадагы акча табылган. Учурда бул факты боюнча Сырдарыя облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, 1-майда Сырдарыя облусунун Сардоба суу сактагычынын бир бөлүгү жарылып, бир нече айылдарды суу каптап кеткен. Жарылуунун кесепетинен 22 калктуу конуштан 70 миң адам эвакуацияланган жана 4 жарым миңден ашуун адам үйсүз калган.