Италиядагы Бергамо шаарынын мэри: "Чемпиондор Лигасындагы оюн Италияга биологиялык бомба болду"

Италиянын Бергамо шаарынын мэри Жоржио Гори Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Аталанта" - "Валенсия" оюну Италиядагы коронавирустун тез жайылышына алып келди деп эсептейт. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирген.

"Бул оюн 19-февралда болгон. Италиядагы вирус жуктурган алгачкы адам 23-февралда катталып жатат. Биз ал убакта эмне болуп кетээрин билген эмеспиз да. Бул вирус адамдан адамга жугат экен. Бул оюнда стадионго 40 миңдей адам келген жана кафе-барларда топтошуп алып көрүшкөн. Бул күнү адамдар бири-бири менен көп контакт кылышкан. Чемпиондор Лигасынын бул оюну Италияга биологиялык бомба болду деп эсептейм", - деп билдирген.

Мэрдин билдиришинче "Валенсия" командасында бул оюнда негизги курамда чыккан үч оюнчудан (Эсекьель Гарай, Эльяким Мангаля жана Хосе Гайя) коронавирус аныкталган.

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Аталанта" (Италия) - "Валенсия" (Испания) командаларынын биринчи оюну Милан шаарындагы "Жузеппе Меацца" стадионунда болуп, 4:1 эсебинде италиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.

Италия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча алдыңкы сапта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pyeon hwa
2020-03-26 12:44:59
Италия эптеп бирону кунолош керек болтат, Оздору кунолуу экенин мойнга алалбай жатат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан