11-майдан тартып коомдук транспорт, курулуш базарлары ишке кирет. Уруксат берилген ишмердүүлүктүн толук тизмеси

Бүгүн, 28-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында 11-майдан баштап эл көп топтолгон тармактардын иштөөсүнө уруксат берилерин айтты.

2020-жылдын 11-майынан тарта өзгөчө экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

- микрофинансылык уюмдар;

- камсыздандыруу компаниялары;

- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

- туристтик агенттиктер.

2. Калкты тейлөө кызматтары:

- сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

- тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;

- химиялык тазалоо жана клининг.

3. Соода чөйрөсү:

- курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

- автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

- тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

- автосалондор, авторыноктордон сырткары.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

- коомдук транспорт, атап айтканда автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу, кичи автобустардан сырткары.

«Коомдук унааларды ишке киргизүү бир аз опурталдуу, бирок пандемия деңгээли төмөндөсө, анда автобустарга жана троллейбустарга уруксат берилет. Кичи автобустар азырынча коопсуз эмес экендиги айкын», - деп белгиледи премьер-министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Munarbek98
2020-04-28 22:23:38
Эл аралык авиакаттамдар туралуу маалымат бериңиздерчи ПЖЛ
+4
Gabiku
2020-04-28 23:03:49
Мектеп, универ, садиктер пока иштебейби ошондо
+3
baku24
2020-04-28 23:40:20
Gabiku,аларды кечээ онлайн экзамен тапшырышат деп атышкан
+1
muras111211
2020-04-28 23:46:08
Бала бакчалар ачылабы ошондо?
+1
aziatka0225
2020-04-29 04:58:01
sadikterchi??????????
0
aziatka0225
2020-04-29 05:09:33
sadik achylbasa ishtei albaibyz go)))) super info bilip berinizderchi suranych!!!
0
nurgaz
2020-04-29 05:18:04
Мектептер, жождор ачылбайт жакын арада тушунбойсунорбу, базарлар иштесе болдуда, мектепсиз деле жашоо ото берет окуп эле кыйраткансып ачылабы дейсинерда.
+5
Muratmipa
2020-04-29 14:55:26
nurgaz,сен өзүн окуп кыйраткан эмес окшойсун садик жөнүндө сурап жатат балдар садике барбаса биз кантип жумушка барабыз деп
0
Aktan2018
2020-04-29 18:11:40
nurgaz,базарлар иштесе болду да деп,озун окубай эле базарга чыгып кеттин беле картон чогултуп,мектеп бала бакча ачылбаса жумушка кантип барабыз кимге калтырабыз балларыбызды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан