Жогорку Кеңештин аппаратынын дагы бир кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.
"Учурда ал инфекциялык ооруканада дарыланууда. Бардыгы: эки депутат, төрт аппарат кызматкери. Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери ПЦР-тесттен өтүүнү улантышууда", - дейт ал.