Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүүдө.
Анда президент Сооронбай Жээнбеков парадга катышуу үчүн бет кап тагынып, Кремлге келгенин көрүүгө болот. Бирок парадга катышуу үчүн келген башка өлкөнүн президенттеринин катарында көрүнгөн жок.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков жана аны менен барган Кыргыз делегациясы Москва шаарында коронавируска тест тапшырган. Президентти коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталды.
Тагыраагы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.
Мындан улам президент иш-чарага катышпоо чечимин кабыл алган.