Орусиянын 52 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 2 миң 774 адам коронавирус жуктуруп алды. 22 адам каза болсо, 224 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен:
Москва шаарында 1 миң 489 адам;
Москва облусунда 460 адам;
Санкт-Петербург шаарында 121 адам;
Коми Республикасында 97 адам жана калгандары башка аймактардан.
Акыркы маалыматтар боюнча Орусиянын жалпы 82 аймагынан 21 миң 102 адам коронавирус жуктурган. 170 адам каза болсо, 1 миң 694 адам айыгып чыкты.