Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту дарылоонун бешинчи протоколун иштеп чыкты

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясын дарылоонун бешинчи протоколун бекитти. Протокол 16-апрелде бекитилген.

Маалыматка ылайык, протокол 38 пункттан турат, анын ичинде эпидемиологияны аныктоо, коронавирустун этиологиясы жана патофизиологиясы, диагноз коюу, бейтаптардын айрым топторун дарылоо боюнча сунуштардын оордугун баалоо жана башкалар. Ошондой эле клиникалык колдонмодо коронавирустун мүмкүн болгон тарыхы жана анын мутациясы баяндалган.

Протоколдо бейтаптарга далилденбеген дары-дармектерди, илдеттин жеңил жана орточо түрү менен жабыркагандарга антибиотиктерди бербөө сунушталат. Анда антикоагулянттарды колдонуунун жол-жобосу жазылган.

Ал эми клиникалык колдонмодо уу коргошун жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Протокол 245 беттен турат. Протоколдун электрондук версиясы менен таанышуу үчүн шилтеме.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан