Бишкекке Түштүк Кореядан жана Вьетнамдан Кыргыз өлкөсүнүн 42 жараны кайтып келишти. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
"Бүгүн, 24-июнда "T-way" авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча чартердик рейси менен 42 мекендешибиз өлкөгө кайтып келишти. Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды", - деп айтылат маалыматта.
Чет мамлекеттердеги Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөрдүн кызматташуусунда кайтаруу жолдорун издөө улантылат.