Бүгүн, 6-майда Монголиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы акыркы сутка ичинде бир дагы адамдан коронавирус аныкталбаганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 57 адамдын тесттери коронавирус жок экендигин көрсөткөн.
5-май күнү Монголияда 41-сырттан алып келинген коронавирус аныкталган. Ооруган адам атайын каттам менен Франкфурттан келген Монголиянын жараны болгон.
Монголияда жалпы 41 адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 13 адам сакайып чыккан. Илдеттен көз жумгандар жок.