Бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад облусундагы жалпы кырдаал боюнча облус коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында Жалал-Абад жана Сузак райондору боюнча стационардык карантин посттор күчөтүлгөн режимде иштеп жаткандыгы айтылды.
"Ал жакта иштеп жаткан кызматкерлер бардык медициналык каражаттар менен камсыздалган. Мындан тышкары алардын маяналарына кошумча акы төлөнүп берилет", - дейт комендант.